www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-июндан бери Нарын облусунун жергиликтүү тургундары жайыттарды бөлүштүрө албай, көйгөйдү күч менен чечүүгө аракет кылып жатышат. Бул тууралуу NazarNewsтун редакциясына Нарын ОИИББинен кабарлашты.
"5-июнда жарандар жайыт маселесинен улам Нарын районунун Кырк-Бозүй жайлоосунда жол тосушту. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду", - деп түшүндүрүштү милиция бөлүмүнөн.
Кечээ, 14-июнда жарандар Кочкор районундагы Кара-Кужур аймагында жайыт маселеси боюнча жергиликтүү тургундар чогулушкан. Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында 200 ашуун милиция кызматкерлери тартылган. Эч кандай тартип бузуу фактылары аныкталган жок, бүгүнкү күндө саясий абал туруктуу сакталууда", - деп билдиришти аталган мекемеден.
"Белгилей кетсек, айрым сайттарда окуя болгон жерге ОМОНдор келишти деп жатышат, бирок алар ОМОН эмес, облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери болушкан", - деп кошумчалашты милициядан.
Эске сала кетсек, милицияга 2020-жылдын 9-июнь күнү саат 08:00 чамасында Нарын районунун Жерге-Тал айылына караштуу Кырк-Боз-үй участогунда Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн тургундары Кочкор районунун тургундары Кум-Бел жайлоосуна барышып тоскоолдук жаратып жатат деген маалымат түшкөн. Ал жерге кызматкерлер барган учурда болжол менен 250гө чукул жаран чогулушканы аныкталган.
Жыйналышта Жерге-Тал айылынын тургуну А. аттуу адам өзүнө бензин чачып өрттөөгө аракет кылган учурда милиция кызматкерлери өзүн-өзү өрттөөгө жол бербөө максатында токтотуп калышкан.
Аталган факты боюнча Нарын ОИИБи тарабынан КР Жазык Кодексинин 265-беренеси (Ээнбаштык) менен кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg