www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн айрым мааалымат каражаттары аны эмне үчүн сындап жатканын "Кабар" агенттигине берген маегинде түшүндүрүп берди.

Анын айтымда, буга чейин сайттар "Кумтөр", "MegaCom", "Манас" аэропортунан акча алып турушкан.

"Так кесе эле жооп берейин. Мурда ошолордун баары "Кумтөр", "Мегаком", аэропорттон акча алып турушкан. Мен бийликке келерим менен токтотуп койгом. Эмне үчүн жеке сайттарды мамлекеттик ишканалар багыш керек? Алды 20 миллион сом, арты 2-3 миллион сомдон жылына алышчу экен. Элдин, мамлекеттин акчасы эл үчүн иштеш керек деп кесип салгам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин алардын баары мени жек көрүшөт. Ошол үчүн жакшылык иштерди көрүшсө дагы көргүлөрү келбейт. Мен аларга көңүл деле бурбайм", - деди Садыр Жапаров.

 

Последние новости