www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея уюштурган жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Лотереялар жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуп, лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея оюндарын уюштурган жарандар аныкталды.
Мыйзамсыз иштин уюштуруучусу, Баткен районунун Самаркандек айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.у.К. жана башка тиешеси бар адамдар аныкталды.
Уюштуруучулар лотерея билеттерин (жалпы суммасы 8 миллиондон ашык сомго 2 800 билет сатып) оюндун жүрүшү YouTube аркылуу көрсөтүшүп, төлөмдү онлайн арыздар аркылуу алышкан.
Бул факты боюнча “Мыйзамсыз ишкердик кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Уюштуруучулардын жашаган жеринен тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотулуучу унаалардын документтери, лотерея билеттери жана ишке тиешелүү башка документтер алынган.
Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg