www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иттей жинине тийишкенби, же ага карата айтылган сындар сөөгүнөн өтүп чучугуна жеткенби, айтор Бишкек мэри Албек Ибраимов гезит-журнал саткан күркөлөрдү тазалоого белсенип жатыптыр. Дегеним, борбор калаанын ичиндеги гезит күкрөлөрдү шаардын сыртына чыгарат экен.
Мэрдин логикасына таянсак, шаар көркүн ошол күркөлөр бузуп же тыгынды ошол гезит-журналдар жаратып жаткан окшойт. Балким Албек мырза амалкөйлүккө салып пиар менен иштөөнүн жолун ушу тараптан издегенби? Журналистика чөйрөсү бул кадамын тепкилеп жатып калаарын билет.
Кара пиар деле баары бир пиар боло берет десе керек да. Эми ойлоп көрсөңүз шаар тургундары гезит сатып алгысы келсе, шаардын сыртына барып сатып келип окушу керекпи? Андан көрө күркөлөрдү заманбап кылып жаңыртуу маселесин көтөрбөйбү. Ошончолук зле жаңычыл болуп баратса...
Булак: “Мантыш”