www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Ленин райондук сотунда шаардын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соттук процесстери уланууда.
Бирок, бүгүнкү соттук отурумда экөө тең суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты. Анткен менен Албек Ибраимов жогорудагыдай билдирүү жасады.
Ибраимов “Калыс-Ордодогу” мектептин курулушун эртерээк бүтүрүү үчүн шаар бюджетинен 104 миллион сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн кол койгонуна - андагы КСДПдан президентикке талапкерлигин коюп жаткан Сооронбай Жээнбековдун рейтингин көтөрүү себеп болгонун айтты.
- Мен ал убакта КСДПнын Бишкек шаардык бөлүмүнүн төрагасы болчумун. 2017-жылдын июнь айында КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында биздин талапкердин Бишкектеги рейтинги 3% болуп жатканын, ушуга байланыштуу саясий кеңеш талапкердин да, партиянын да рейтингин көтөрүү үчүн борбордогу соцобъектердин курулушун тездетүү чечимин кабыл алган. Мен ошондо мэр катары аталган мектептин курулушун 2017-жылдын 1-сентябрына – жаңы окуу жылына карата бүтүрүү тапшырмасын бергенмин. Мындан сырткары аталган жаңы конуштун тургундары ар апта сайын мектептин курулушун бүтүрүүнү талап кылышып, митингге чыгып турушкан, - деди ал айткан билдирүүсүндө.
Мындан сырткары экс-мэр Албеков соттук териштирүүлөрдө мектептин курулушу сөзсүз керек экендиги баарына белгилүү болгонун да белгилеп өттү.
Булак: NazarNews.kg