www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убагында жеке менчикке завод-фабрикаларды чыгарып пайдасынан зыянын тартык эле. Бирок балдар бакчаларын менчикке бергени өкүндүрбөй койбойт, мезгил өзү көргөздү. Ошол эле бала бакчаларды менчикке алып жатканда, барысы эле алдоо жол, парасын берип туруп менчикке чыгарып алганын айдан ачык эле белгилүү. Эгерде менчикке чыгарган келишимди кайра дыкаттык менен текшере келсе ачыктан ачык эле чыга келет.
Азыркы тапта элге бала бакчага жетпей турган кез. Ошондой эле Жогорку Кеңеште бала бакча маселени көтөрүлүп келет, бирок ишке ашпаганы өкүнүчтүү. Кээ бир бирде КР ЖК депутаттары жөн эле пиар кылып элге көрүнүш үчүн бала бакча маселесин көтөрө калып жатабы, болбосо коом деле парламентти, Ак үй көк үйдөгү чиновниктерди жүзүкара экенин билип калдык.
Ал эми бала бакчаны эмненин негизинен менчикке чыкканын изилдесе? Кандай келишим менен менчикке чыкканын текшере келсе, өзү эле чыгат. Ошо бала бакчаларды кайра карап, келишимди аткарбагандардын бала бакчаларды кайра алып, кайра бала бакча кылып иштетсе болоор беле? Менчикке чыгарып алгандар, албетте келишимге жаны ыкма менен бала бакчаны өнүктүрөбүз деп чыгарып алышканы жалган эмес. Ошо бакчалар көпчүлүгү офис, же өндүрүш орнотуп алган.
Жакында Бишкектин Чүй - Исанова көчөсүндөгү, Горький эстелигинин мандайында жайгашкан бала бакчаны көрүп таң калдым, "сатам" деп көп жылдан бери жарнама илинип турат. Кожоюнан сурасам 24 сотых жери бар экен 3 миллион доллар деп коюп отурат. Бийлик эмне ушуну көрбөй, ошол жердеги көп кабаттуу тамдардын балдарына кайра алып же сатып алып бала бакча кылып койсо жаман болбос. МЭРИЯ ушу маселени чечсеңер бир көрүнүктүү иш кылаар элеңер, же култ этип өзүңөргө алып албасаңар.
Качкынбек Булатов, укук коргоочу
Булак: NazarNews.kg