www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2001-жылдын 11-сентябрында талибдер АКШнын эки имараттынын таш-талканын чыгарган, 20 жыл өткөн соң 2021-жылдын 11-сентябрында Ооганстан АКШны шылдыңдап бийликтин инаугурациясын өткөргөнү турушат. Инаугурацияга, Орусия, Кытай, Индия, Пакистан, Борбор Азия, батыштагы бир топ мамлекеттер чакыртылган.
NazarNews маалымат агентчилигине Ооганстандын келечеги тууралуу өз ой-пикирлерин белгилүү саясат таануучу, тарых илимдеринин доктору, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин профессору Александр Князев бөлүштү.
Учурда Ооганстанда оор кырдаалдар түзүлүп жеке эле Кыргызстан үчүн эмес, бардык Борбор Азия мамлекеттерди Орусияны тиктеп шалдырап калышкан. Борбор Азиядагы белгилүү саясат таануучу Александр Князевдин ой-пикирлери учурдагы Орусия Федерациясынын саясатына бекем байлангандыктан, анын айткандарын кунт салып көңүл буруп көрсөк.
- Ооганстандын бийлигине талибдердин келиши Борбор Азия мамлекеттеринин анын ичинде Кыргызстандын коопсуздугуна кандай таасир этет?
- Принципиалдуу өзгөрүүлөр болот деп ойлобойм. «Талибандар» тараптан кандайдыр бир аскердик коркунучтар эч качан болгон эмес, болбойт, бул кыймыл өлкөнүн ички иштерине багыт алган, Ооганстандан тышкары жерлерди басып алуу тууралуу эңсөөлөрү, тилектери жок, антүүгө алардын ресурстары да жетпейт.
Тескерисинче, Талибдер бийликке келген соң экономикалык кызматташтыктар үчүн алардын кызыкчылыктары бар, буга чейин кошуналар менен болуп келген экономикалык байланыштарды калыбына келтирет.
Ооган тараптан адат болуп калган үч коркунучтардын багыты бар: качкындар, наркотрафик жана диний экстремизм жана терроризм. Качкындар боюнча алсак «паника» негизинен болуп өттү: эч кандай качкындардын массалык агымы болгон жок, айрыкча түндүк багыттарда.
Эми бул болорун бир кудай билет, Ооганстанда азыр барынан көйгөйлүү маселе болуп ички качкындардын маселеси калкып чыкты, эл аралык гуманитардык укукчулардын тили менен – ич ара калктын жылып турушу. Ооганстандагы бул көйгөйдү чечүү үчүн, Кабулда бийлик башында ким турганына карабастан, эл аралык жардамдарга өтө муктаж кырдаалдар түзүлөт.
Борбор Азия мамлекеттеринин арасында өтө көп эмес, эмиграцияга муктаж оогандыктар бар, булар акча каражаттары бар адамдар, бул жерлерге убактылуу токтогону менен бул аймак аркылуу Европаны көздөй өтүп кеткиси келгендер.
Акыркы он жылдыкта баңги заттарын өндүрүүнүн көбөйтүлүшү жана наркотрафиктердин гүлдөшү 1990-жылдан берки можахеддердин коррупцияланышкан мамлекеттик түзүлүшүнө байланыштуу, андан кийин президенттер Хамид Карзай жана Ашраф Ганинин убагында бул маселер оор бойдон калышкан.
Талибдердин бул чөйрөдө өз монополиясын коёрун таңсыктагандардыкы туура эмес далилденбеген көз караш, тескерисинче, 1990-жылдары тажырыйба көрсөткөндөй, талибдер үлгү көрсөтүү максатында апийим өндүрүшүн кыскартышкан.
Бирок алар мунун өз жыргалчылыгы үчүн жасаган эмес, Талибдер өздөрүн эл аралык аренада кадыр-баркка жетиш үчүн жасашкан. Эми Талибдерге андан беш бетер эл аралык кадыр-баркка жетүү керек, баңги заттарды өнүктүргөндөр жана нарко трафик менен күрөшүү азыркы цивилизациялуу мезгилде, эл аралык коомчулукка жакшы көрүнүүнүн эң жеңил далили.
Ооганстандын аймагында ооган эмес террористтик топтордун байыр алышы – бул көйгөй мамлекеттин чоң проблемасы, качан мамлекеттик институттар өзүнө тиешелүү аймактарды көзөмөлгө ала албай калган учурларда мындайлар болот.
Бул жерде бул топтордун саны өзгөчө көбөйтүлүп айтылып жатат: аргумент катары күч органдарынын жана атайын кызматтардын маалыматтары көрсөтүлүп жатат. Бирок, күч органдары жана атайын кызматтар дайыма өздөрүнүн ооздорунан чыккан маалыматтар туура экенин кызыкчылыгы болгон жок, ошондуктан айтылган сандарды эч качан далилдеген эмес. Ошондуктан, мен мындай маалыматтарга ишенбейм.
Мен ишенген Ташкендеги кесиптешимин маалыматы боюнча Өзбекстандагы ислам кыймылынын (ИДУ) 300 дөй үй-бүлөсү бар, буларды башкарган кандайдыр бир жетекчилери жок, лидерлер жок болгондуктан, булар үй-бүлөөлүк турмуштары менен алек болушуп, кандайдыр бир террористтик иш чараларды жасоого мүмкүнчүлүгү жок.
Орусиялык маалыматтарга таянсак «Аль-Каида» тобунун мүчөлөрүнүн саны 500дөн ашпаган адам алар да мурунку күчүн жоготушкан, алардын кайрадан террорго чыгышы ишенимсиз.
ИГИЛ атка конгон «Ислам мамлекети» өз катарын Түркия менен Катардын атайын кызматтарынын жардамы менен толуктап турат, бирок алардын «Талибандар» менен болгон ысык мамилеси сууп, булардын ортосун кара мышык аралап кеткен.
Акыркы жылдары ИГИЛ үчүн аянбай башын тосуп берип согушкандар «Талибандар» болгон, ИГИЛден адамдар Ооганстандын бийлигинин башына келет деп үмүт кылбай эле коюш керек.
Талибдер менен Жакынкы Чыгыштын арабдарынын ортосунда ислам дини боюнча түшүнбөстүктөр көп, келечектеги ооган мамлекетинин түзүлүшү боюнча да булардын ортосунда келишпестиктер пайда болот. Менин оюмча бул экөөнүн ортосунда согуш улантылып отуруп, акыры ИГИЛди Ооганстандын аймагынан Талибдер биротоло жок кылышат.
Борбор Азия мамлекеттери үчүн экстремизм жана терроризмдерди ооган тараптан күтүүнүн кереги деле жок, булардын өздөрүнүн ички террористтери менен экстремисттери деле жетишет.
Чек араны кесип өтүп Борбор Азия мамлекеттерин чаң салуу акылга сыйбаган иш, андан көрө Стамбулдан же Мюнхенден такыр баш, бирок галстукчан учуп келип, жергиликтүү жашынып жаткан ички террористтер менен экстремисттерге шыкак берип активдештирген оңойураак.
Күнүмдүк иштерде колдонулуп жаткан бул көйгөй жергиликтүү атайын кызматтар менен коопсуздук органдарынын иши – алар салык төлөгөндөр тарабынан алып жаткан айлыктарын акташ керек.
- ЖККУ өлкөлөрү жакында чек арада биргелешкен аскердик машыгууларды өткөздү. Чек арага жакын мамлекеттер негативдүү сценарийге даярданып жаткан мүмкүнчүлүктөр ачылат деген сөз болгон жокпу?
- Пянж менен Амударыянын артында согуш болуп жатат, сөз жок, чек араны коргоону күчөтүш зарылдыгы туулуп жатат. ЖККУнын аскердик машыгуусу – бул күчтөрдү демонстрациялоо болгондуктан, ушундай кырдаалдарда бул кадимки көрүнүш.
- Эмомали Рахмондун өлкө согушка даяр турушу керек деген сөзүн комментарий кылып берсеңиз? Чындыгында коркунуч туулуп турабы?
Бул айдан ачык популизм. Чындыгында, Эмомали Рахмон «талибандарга» эмне үчүн каршы жана эмне себептен ага каршы чыгышкан ооганстандык тажиктерди колдойт. Тажикстанда дайыма оогандык тажиктерге тилектештик кылышып, алар каяк тарапта болсо этникалык ал-ахыбалдан улам, тажиктер ошол тарапта.
Бүгүнкү күндө Тажикстандын өзүнүн ички көйгөйлөрүнө караганда, элдин маанайын башка нерсеге буруш үчүн мындай сөз айтылып жатат. Тажикстандын башкы сырткы өнөктөштөрү Орусия менен Кытай, жана дагы Өзбекстан –талибандардын өкмөтүн тааныбаса да, жаңы кабулдук бийлик ээлери менен иштешүүгө даяр экени белгилүү, Дүйшөмбүнүн мындай иш-аракети көбүнчө ички себептерге байланыштуу.
Булак: NazarNews.kg