www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Александр Вучич Сербиянын президенттик ыйгарым укуктарын өлкөнүн бир палаталуу парламенти — Элдик скупщинанын төрайымы Ана Брнабичке өткөрүп берди. Бул тууралуу сербиялык Kurir басылмасы маалымдады.
Президенттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү 28-сентябрда эртең менен Сербиянын президентинин администрациясында өттү.
«Мындай адамдан президенттик ыйгарым укуктарды кабыл алуу жана кийинки президент шайланганга чейин бул кызматты аркалоо мен үчүн чоң сыймык», — деди Брнабич.
Вучич буга чейин элге кайрылуусунда кызматтан кетерин жарыялаган. Сербиянын Конституциясына ылайык, өлкө башчысы кызматтан кеткенден кийин президенттик шайлоо 60 күндүн ичинде өткөрүлүшү керек. Вучич 2017-жылдан бери мамлекет башчысы кызматын аркалап келген.
9-сентябрда ал парламентти таратуу жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону 25-октябрда өткөрүү тууралуу чечимди бекиткен.
Президенттик кызматтан кеткен саясатчы башкаруучу Сербиянын прогрессивдүү партиясынын тизмесин жетектеп, өлкөнүн премьер-министрлигине талапкер болот.