www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Адам укугу боюнча комитети 2010-жылдын апрель айында Кыргызстандагы бийликти басып алышып түзүшкөн «Убактылуу Өкмөт» мүчөлөрүнүн кылган иштерин жараксыз деп табышып, адвокат Алексей Елисеевди жарандык жана кылмыш иштерине түртүшүп, бирок ачык жана эл алдында соттоодон тайсалдашып, жаап-жашырып соттоп укугун бузушкан. Андан тышкары, алар жарандык жана саясий укуктар тууралуу Эл аралык пакттын 14 –беренесин көптөгөн катачылыктары менен бузушканы тууралуу tbinternet.ohchr.org. айтты. Бул тууралуу www.rosbalt.ru. жазып чыкты.

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Адам укугу боюнча комитетинин пикири боюнча мыйзамда бузулган катачылыктар булар экени көрсөтүлгөн фактылар күбө боло алат. Кыргызстандын бийлиги Елисеевке ага каршы күнөөлөр тагылып, көптөгөн соттук териштирүүлөр боло турганын билип туруп атайын кабарлашкан эмес, ошондуктан жабык эшиктин артында өтүшкөн соттордун чыгарган чечимдери калыс чыгарылган эмес.

Белгилеп кете турган болсок, Елисеев кыргыз бийлиги тарабынан саясий мотивдер менен куугунтукталып жаткандыктан, сот карай турган далилдер, ушактын деңгээлиндеги жалган фактыларга жык-жыйма толгон. Даттануу учурунда кыргыз бийлигинин реакциясы «мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактоо» максатында улуттук мыйзам чыгарууда мамлекеттеги Конституциянын эл аралык укуктар жаатында өзгөртүүлөр киргизилгенин бетке алышчу.

Жактоочу Елисеевдин артынан куугунтуктардын президент Атамбаев дал өзү тарабынан уюштурулушунун негизги себептеринин бири, анын Кыргызстанга кайра келишине тоскоолдук жаратып, Атамбаев тарабынан кетирилген кылмыш иштеринин бетин ачуудан корккондугунда деп жазат басылма. Елисеевдин бардык мүлктөрү мыйзамсыз конфискацияланган, анын ичинде акчалары жана ага тиешелүү акциялары, ал эми ал жашаган үй болсо Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту пайдалансын үчүн кийинчерек ылайыкташтырылган. Жарандык жана саясий укуктар тууралуу Эл аралык пакттын 2-беренесине (3 А) таянып төмөнкүдөй чечим чыгарылды, Алексей Елисеевдин укугун натыйжалуу каражаттар менен коргоо максатында, анын кетирген зыяндарын кыргыз бийлиги толугу менен төлөп беришине милдеттүү.

Макала www.rosbalt.ru сайтынан кыргызчаланды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости