www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Темир Сариев кармалды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, "Кумтөр" иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгында Сариевди кармоо тууралуу чечим кабыл алынган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Тергөөдө маалым болгондой, Сариев экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда Кумтөр кенинин жумушунан экологияга келтирген чыгымдын суммасын азайтып койгон. Тагыраагы, Кумтөрдүн экологияга зыян келтиргени үчүн төлөй турчу акчасынан бир нече миллиард сом кыскартып салган. Жыйынтыгында мамлекетти болуп көрбөгөндөй ири суммадагы чыгымга учураткан", - деп айтылган маалыматта.

Ведомстволор аралык тергөө тобу Сариев боюнча тергөө иштерин уланта турганы айтылды. Андан соң жакынкы 48 сааттын ичинде Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы тандала турганы кошумчаланды.

Эске салсак, мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кенине байланыштуу териштирүү иштеринин алкагында күбө катары үстүбүздөгү жылдын 27-майында да сурак берип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости