www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов аны Бишкекте кантип тосуп алганын көрсөттү.

Спортчу Бишкекке бүгүн таңда келип, андан кийин Чолпон-Атага кеткен. Ал Көлдө өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдешине кадырлуу конок катары катышат.

Мушкердин Instagram баракчасынын Stories бөлүгүнө жарыяланган видеодон спортчу үчүн атайын банкет уюштурулганын көрүүгө болот. Ал банкетте мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Рустам аттуу уулу жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Тай-Мурас аттуу уулу жүрөт.

Нурмагомедов "таңкы саат 04:00дө ушундай тамактар менен сыйлап жатса, кайдагы диета" деп жазган.

Промоушендин турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт. EFC кезектеги беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россияда өткөн мелдеште айткан болчу. Буга кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу кармаш көрсөткөнү себеп болгон.

Бул уюмдун 38-мелдеши болуп саналат. Турнирде Данияр Бабакулов, Алексей Федосеев сыяктуу кыргызстандык атактуу мушкерлер да октагонго чыгышат.

Нурмагомедов Кыргызстанга биринчи ирет 2018-жылы келген. Анда спортчу Бишкектен күйөрмандары менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости