www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамдын өмүрү менен ойногон илдетти, атайын адамзаттын санын азайтыш үчүн чыгарганы билинип турат. Бирок, ким чыгарды АКШ коронавирусту Уханда лабораториядан чыгарган деп Кытайды, күнөөлөйт, Кытай АКШдан чыккан дейт. Ортодо бул илдеттен дарыланыш үчүн вакциналар чыкты. Вакцина жасап чыгарып сатып жаткандар көз ачып жумгуча миллиардерлердин катарын толуктап, ченемсиз байлыктарга ээ болуп жатат. Жаңы тогуз миллиардерлердин мүлкүнүн жалпы суммасы 21,3 миллиард долларга жетип, Кыргызстандын жылдык бюджетинен канча ирет ашып кетти? Коронавируска каршы вакцина чыгарган компаниянын кирешеси менен дүйнөдө дагы тогуз киши миллиардер болду. Бул тууралуу курамына укук коргоочу, гуманитардык жана медициналык уюмдар кирген The People's Vaccine Alliance кыймылынын докладында айтылган. Жаңы миллиардерлердин катарына америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү кирген. Алар: башкы директор Стефан Бансел, негиздөөчүнүн бири Ноубар Афеян жана инвесторлор Тимоти Спрингер жана Роберт Лангер. Байлыгы бир миллиард доллардан ашкан адамдардын сабына киргендер:
BioNTech уюмунун башчысы Угур Шахин;
Rovi фармацевтикалык ишкананын жетекчиси Хуан Лопес-Бельмонте (Испания);
CanSino Biologics компаниясынын үч түзүүчүсү (Кытай).
АКШнын медикаменттердин сапатын санитардык көзөмөлдөө Башкармачылыгы (Управление по санитарному надзору за качеством медикаментов) жана АКШдагы ооруларды көзөмөлдөө боюнча Улуттук борбору (Национальные центры по контролю заболеваний США) вакцинаны алууну тезинен токтотуу боюнча талаптарды койду. Айрыкча Jansen от Johnson & Johnson компаниясынын вакцинасына, анткени вакцина сайдыргандардын арасында коркунучтуу көрүнүштөр байкала баштады. Бул симптомдор вакцина сайдырган соң чыга баштаган. Булардын арасында көзү өткөндөр да кезиге баштады. Ушундан улам Кошмо Штаттардагы вакцина кыла турган өкмөттүк борборлордо, бул иштер эксперттер тарабынан толук иликтенип бүткүчө вакцина алуу токтотулду. Жакында эле Jansen от Johnson & Johnson компаниясы 13-15 миллион доза вакцинаны Балтимордогу заводунда туура эмес жасагандыктан жок кылышкан. Эми бул инцидент компания үчүн өтө оор жоготууга турат, ал эмес Жо Байдендин администрациясынын вакцинациялоо боюнча пландарына кесепетин тийгизет.
Американы алып карай турган болсок, CDC деген илимий жактан так көзөмөлдөгөн уюму бар. Алардын маалыматы боюнча, 180 миллион эл эмдөөдөн өткөндөн кийин вакцина алгандардын ичинен 15 миң адамдан вирус табылган. Бул сан коомчулукка көп көрүнүшү мүмкүн. Бирок 15 миңдин артына эки нөл коюп, аны 180 миллионго бөлүп көргүлө, өтө төмөн көрсөткүчтү берет. Бирок бул жыйынтыкты алар коомчулукка жарыялаган жок. Анткени вакцинация алуу оору жугузуудан сактайт дегенди билдирбейт. Ал вирус жукса да оорунун жеңил өтүүсүнө жардам берет.
Пандемия тууралуу терең айтып берсек, бул тууралуу бир топ жыл мурун газетага публикация чыккан. Ал убакта бул вирустун келерин эч ким күткөн эмес. Бул вирустарды иштеп чыккан жашыруун лаборатория өнүккөн мамлекеттерде жайгашкан жана алар вирустарды иштеп чыгышып начар жашаган өлкөлөргө сыноого жайылтышат ,анан аларга каршы вакцина деп көмөк иретинде ачык эле «жардам» беришет. Максаттары такыр башка, бул топко бардык өлкөлөрдөгү өтө бай адамдар мүчө болуп кирген. Бул өтө жашыруун, баары болбосо да айрым бай өлкөлөрдүн башчылары билиши мүмкүн. Ошол себептен айрым Өлкөлөрдө вакцинаны мажбурлап сайып жатышат. Бирок бул ар кимдин өз эрки да, азыр эл деле так болбосо да шектенип кооптонуп калышты, себеби кээ бир маалымат каражаттарынан бул тууралуу айтып жатышпайбы.
Вирусту бир топ убак жаныбарларда лабораториялык жол менен сакташкан. Вирус мурда жаныбарлардын организминде жүргөн болсо, кийин адамдын организмине киргенде сөзсүз мутацияга тушуккан. Анткени өзгөрүүгө муктаж. Элибиз мутация болуу — бул вирустун күчөшү деп түшүнүп албашы керек. Тескерисинче, вирустун өзгөрүшүнүн 95 пайызы өзүнө каршы иштейт. Беш пайызы гана ошол жерге ыңгайлашып жашап кетет. Негизинен вирустун башкы курамы али өзгөрүлө элек. Көбүнчө S белок жана N белок өңдүү сырткы кабыкчасында гана өзгөрүүлөр болуп жатат. Андан кийин айта турчу нерсе, коронавирус 1-2 жылдын ичинде ушунчалык деңгээлге чейин өзгөрбөйт. Өзүнүн касиетин толук кубултуп, башка вирус болуп кала албайт. Башкача айтканда, 5-6 ай мурдагы коронавируска антителоңуз иштелип чыкса, оору кайра жукса деле сөзсүз түрдө сактайт. Ошондой эле вакцина да коронавирустун баштапкы штаммдарынан алынгандыктан вирустун бардык түрүнөн коргой алат.
Каршы сүйлөгөндөр калктын 25 пайызына деле жетпейт. Жалпы эл ишенип эле эмделүүгө макул. Вакцинанын кайсы түрүн алсаңыз да, ал өлүмгө дуушар болуучу ооруну азайтат. Эмделгендердин ичинен бир пайыздан үч пайызга чейинкилери гана ооруп калышы мүмкүн, бирок алар да жеңил өтөт. Муну элдин баары билет. Вакцина эч убакта өзү оору чакыра албайт. Анын жасалуу жолдору да ар кандай. Өлтүрүлгөн, чала жан вирустардан жана вирустун кайсы бир бөлүгүнөн жасалат. Ошондуктан эмдөөдөн улам ооруп калдык деген чындыкка коошпойт. Вакцина алгандан кийин үч-төрт күн ал адамдын абалын көзөмөлдөп турабыз. Буга чейин Кыргызстанда эч кандай күтүүсүз учур катталган жок. Бирок муну эске алыш керек. Кыргызстанда бүгүнкү күндө органын алмаштырган 564 адам жашайт, анын ичинен 164 – боорун, 400 – бөйрөгүн алмаштыргандар. Алмаштырылган органдар организмде чоочун болуп, трансляцияланган адамдар өмүр бою иммуносупрессанттарды ичиши керек. Ошентип, дайыма иммуносупрессивдүү терапияга байланыштуу адамдын иммунитети бир топ төмөндөйт. Ал бардык инфекцияларга, анын ичинде COVID-19га дагы алсызыраак болуп калат. Ошондуктан, органын алмаштырган адамдарды COVID-19га каршы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүш керек.
Гепатит менен ооругандарды COVID-19га каршы эмдөөдө төмөндөгүдөй каршы көрсөтмөлөрү бар:
- Гепатит оорусунун курч мезгилинде;
- Өнөкөт оорусунун өрчүп турган мезгили;
- Цирроз түрү;
- Фульминанттык формасы;
- Биохимиялык көрсөткүч жогору болгондо;
- Боорду трансплантациялоодон кийин;
- Боордун рак оорусуна айланган учурда.
Дүйнө жүзүндө да окумуштуулар бул жагын тыкыр иликтеп жатат. Бүт дүйнө жүзү вакцинанын таасиринен ооруга чалдыккан адам жок экендигин тастыктап жатышат. Кыргызстанда 527 миң 980 адам вакцина алды. Жалпысынан калктын 7-8 пайызы эмделди. Бирок 6,5 миллион жарандын баарын эле эсепке ала албайбыз да. Бир миллионго жакын жаран миграцияда жана бул алты миллиондун ичинде жаш балдар да бар. Буларды алып салганыбызда жарамдуу калктын 20 пайыздан ашыгы вакцина алды. Акыркы маалыматтарда 19 миң 80 адам эмдөөдөн өттү. Ошонун ичинен биринчисин алгандар 17 494 болсо, экинчисине келгендер 1 586 болуп жатат. Алгач эмделүүгө өтө үгүттөгөнүбүз жок. Анткени COVAX механизми боюнча башында дүйнө жүзү бизге 1 млн. 200 миң адамга вакцина бериши керек болчу. Аны бере алган жок. Орусия деле өзүн-өзү камсыздай албай жатат. Башка вакцина чыгарган мамлекеттер деле элин жалпы эмдөөдөн өткөрө алган эмес. Алар деле өз жарандарын толук камсыздай элек. Бизге Кытай эң көп жардам берди. Башында 150 миң доза берген. Эми 1 млн. 250 миң доза берди. Кытай 1 млрд. 600 миллион жаранын эмдөөдөн өткөргөн. Андан тышкары 65 өлкөдө Sinopharm сайылууда.
Индиядагы эпидемиологиялык абал оор болчу. Азыр 450 миллион адамга вакцина жасаган соң оору кескин түрдө ылдыйга кетти. Коронавирустан кутулуунун эки гана жолу бар, биринде ооругандан кийинки иммунитет, экинчиси вакцина алуу керек. Вакцинациядан кийин антитело пайда болушуна 100 пайыз кепилдик бар. Сауд Аравиясына зыяратка барганда да коронавируска эмдөө албагандарды киргизбейт. Мусулман өлкөлөрүндө да ушул талап коюлган.
Мындан тышкары америкалык окумуштуулар тоё тамак жебеген адамдар COVID-19 илдетинин оор түрүнө чалдыгарын аныктады. Аталган изилдөөнүн жыйынтыгын Scientific Reports журналы жарыялаган. Эксперттердин командасы чала тоют болгондор менен коронавирустун оор формасынын ортосундагы байланышты изилдеген. Ал үчүн АКШда 2020-жылдын март айынан июнга чейин COVID-19га кабылып ооруканага түшкөн 8 604 жаш баланын жана 94 495 чоң кишинин маалыматы алынган.
Анда тоё тамак жебегенде иммундук системанын кадимки калыбында иштөө нормасы бузулуп, вирус чакырган инфекцияны жугузуу кооптуулугу жогорулары тастыкталган. Коронавирустун оор формасына чалдыккан балдардын 7,5 пайызына "тамакты аз жеген" деген диагноз коюлган. Ошол эле учурда жеңил түрү менен ооругандардын 1,5 пайызына гана ушундай диагноз болгон. Ал эми чоңдор арасында төрт пайызы аз тамактануунун кесепетин тартса, 1,8 пайызы жеңил түрү менен ооруп айыккан. Муну менен чала тойгон балдар да, улуулар да COVID-19дун оор формасына чалдыгары белгилүү болгон. Ошондой эле кичинекейлерде жана 79 жаштан жогорку курактагыларда кооптуулук жогору экени аныкталган.
Авторлор жасаган эмгеги коомдук саламаттык сактоого пайдасы тиерин белгилеп, бул топко кирген адамдардын COVID-19дун оор формасына өтүп кетишинин алдын алууга жардам берерин болжогон.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылдын 11-мартында коронавирустун COVID-19 инфекциясынан улам пандемия жарыялаган. ДССУнун акыркы маалыматтарына ылайык, ааламда бул илдетке кабылгандардын саны 165 миллиондон ашкан. Анын ичинен 3,4 миллион бейтап оорудан көз жумган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg