www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 2-августта мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга кирип келгенден бери, экс-президент Курманбек Бакиевдин өлкөгө кайтып келүүсүн талап кылгандар көбөйүүдө. Белгилүү журналист Кенжебек Арыкбаев өзүнүн пикирин төмөнкүчө билдирди.
--Акаев келгенден кийин Бакиев да келсин. “Междупрочим”, эгер кайсы бир жээкти эле кашайып карай бербей, же идеал тута бербей адамдык сапаттагы калыстыктын призмасы менен караганда Курманбек Салиевичтин доорунда “имменно” карапайым орто жана ылдыйкы катардагы адамдар чындап эле жакшы жашачу. (Акаев деле а дегенде жакшы нерселер менен баштаган, ВТО, Сом жана башкалар) Ал эми Бакиев доорундагы "тезек" деген кеп ал болгону саясат гана болгон, болсо да ал К. Бакиевдин күнөөсү эмес болчу. Ошол чакка, керек болсо карапайым адамдар эмес, мен да азыр өкүнөм, башкалар сыяктуу кимдир бирөөлөрдүн "фишкасы", "картасы" болуп калганыма.
Ал эми 2010-жылдын 7-апрелиндеги "чындык", кимдин кандай арам ою же кайсы держава кийлигишкени бул эч убакта ачыкка чыкпайт. Чыгарам дегендер болсо, 32-жылдагыдай, АКШга чейин барып жок кылынган Троцкийдин тагдыры күтүшү толук ыктымал. Апрель окуясы эч качан ачылбаган жабылуу, коркунучтуу маселе. Муну сөз учурунда гана айта кеткеним. А, негизи айтайын дегеним, “раз”, Акаев келген соң, Бакиев да келиши керек. Билбегендер же регионалисттер үчүн айта кетчү нерсе, мен Кыргызстандын түндүк тарабынын кулунумун, бирок, акыйкаттык үчүн Бакиевдин келиши да калыстык жана да менин 25 жылдан бери келаткан журналистик КӨЗ КАРАШЫМ! – дейт Кенжебек Арыкбаев окурмандарга.
Эске сала кетсек, 2-августта Акаев Кыргызстанга келди. УКМКнын маалыматына караганда, "Акаев мурдагы жогорку кызматтагы адамдар менен катар 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдөгү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдөгү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш жообуна тартылган.
Учурдагы бийлик Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге, Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg