www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармактардагы "кыргызстандыктарды РФте массалык түрдө текшерип жатышат" деген билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

"Учурда Россиянын компетенттүү органдары "Кузьминки" метросунда болгон окуяга катыштыгы болушу мүмкүн делген чет элдиктерди издөөсүн улантууда. Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери өлкө аймагында тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган", — дешти элчиликтен.

Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүк 15-июндагы Россия президентинин коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча жарлыгына ылайык, чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды текшерүү иштери дагы болуп жатканын кошумчалады. Маалыматка караганда, бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жаранды өлкөдөн чыгарып салуу жолу каралган эмес.

Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. Анда 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан. Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости