www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмил Каниметов: «Акаевге бериле турган суроолор көп»

«Азыркы бийликтин чечкиндүүлүгү баарынан кур жалак калган элдин үмүтүн жандырды», - деди бүгүн, 3-августта NazarNews маалымат агенттигине саясат таануучу Эмил Каниметов.

«Акаевдин Кумтөрдү иликтөөчү топ менен иштеше тургандыгы элдин маанайын көтөрүп жатат. Албетте, ошол нерсе мамлекеттин көйгөйүн чечкенге оң таасирин берсе. Баарынан мурун бул нерсе бюджетти толтурууга гана жардам берсе элдин көкшүнү суугудай.

Чамасы Канаданын жана Улуу Британиянын эл аралык каржы институттары менен тышкы саясат мекемелери Центерранын Кыргызстанда кылган кылгылыктарын билишет өңдүү. Эгерде алар антип жебегенде республиканын бюджети капкачан эле үч-төрт эсе өсмөк дешет кээ бир адистер. Калктын жакырчылыгы, саламаттыкты сактоо, билим берүүдөгү көйгөйлөр эбак чечилмек», - дейт эксперт.

Анын айтымында, баарынан куржалак калган элге бийликтин акыркы жасаган кадамдары үмүт берди. Оңбогондой экологиялык кыйроонун, алтын кендеги каржылык көз боёмочулуктарды бир учурда көтөрүп чыкты. Мындай нерсе Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Отунбаевалардын учурунда болгон эмес. Баарынан да Акаевге берилчү суроолор көп.

Анткени жол, комбинат эчтеке курула элек мезгилде Кыргызстандыне үлүшү 67% болчу. Ал эми 2007-жылы Кумтөр комбинаты Кыргызстандын менчигине өтмөк. 2003-жылы болсо Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 33% чейин түшүп кеткен. Мына ушундай фактылар баарына белгилүү дейт талдоочу.

Эмил Каниметов иштин жүрүшү Акаевдин канчалык ийгиликтүү көрсөтмө беришине жараша болот дейт. Башка да президенттер көрсөтмө беришет. Бул нерсе Кыргызстан үчүн эң бир маанилүү учур деп белгиледи талдоочу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости