www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Акаев 90-жылдары өлкөнүн өнөр жай потенциалын жер менен жексен кылып кеткен», - деди бүгүн, 3-августта NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу Денис Бердаков.
«Акаевдин Кыргызстанга күтүлбөгөн жерден кирип келиши албетте чоң жаңылык. Анткени, биз өлкө үчүн таптакыр эле карама-каршы келген адамды жоолуктуруп жатабы? Ал Кыргызстандагы коррупцияны түптөгөн киши эмеспи. Ал 90-жылдары өлкөнүн өнөр жай потенциалын жер менен жексен кылып кеткен киши да. Ошонун айынан итке минип карызга жан багып калган өлкөгө айландык.
Ал эми экинчи жагынан алып карасак бул киши демократияга негиз салган, бизди ошол убакта Орто Азиядагы демократия аралчасы деп аташкан. Ал кеткенде да кан төккөн жок, гумандуу президент эле. 16 жылдан бери ал куугунтукта жүргөндүгү да иш жүзүндө анык. Ал азыр 76 жашта, мекенине кайтып келгиси келип жаткандыгын, себептерин да түшүнүп койсок болот. Аны Кумтөр тууралуу ишке байланыштырып чакырып жатышат.
Эч кандай аны камоонун, атуунун, башка кылуунун кереги жок. Ансыз да баарына ошону күнөөлөп жатышат. Ошол жетиштүү го дейм ал үчүн. Ал Кыргызстан үчүн пайдалуу көрсөтмө берсе ошол бизге утук. Кыргызстанга азыр биримдик, ынтымак, тынчтык керек», - деп эсептейт саясат талдоочу.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Аскар Акаев кечээ, 2-августта Бишкекке учуп келген. Ал 2005-жылдын 24-мартынан бери Кыргызстанда боло элек болчу. Акаев жоогазын ыңкылабында бийликтен оодарылып, башка өлкөгө качып кетүүгө аргасыз болгон.
Булак: NazarNews.kg