www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Алексей Филатовдун акыркы каты

Теле алып баруучу Алексей Филатов 12-сентябрда Бишкектеги ооруканада көз жумду. Ал 26-августта пневмония менен жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, 10 күн жандандыруу бөлүмүндө болгон.

Маркум социалдык түйүндөгү баракчасына акыркы ирет жашоо тууралуу ой толгоосун жарыялап, жашоону баалай билүүнүн мааниси тууралуу кат жазган.

«Качандыр бир кезде өзүңдүн бир келген жашооң тууралуу ойлоносуң.

Убакыт тез өтүп жатканын түшүнөсүң, бирок кайра эле эч кандай иш жасабайсың.

Азыр сен 15 жаштасыңбы? 20 жаштабы? Оу, же 28 жаштасыңбы? Эч нерсе эмес! Болгону, окуп кой. Суткада 24 саат. Ар бир күн терезеңден тийген кереметтүү күндүн нуру менен башталат. Бирок сен кайрадан мектепке, колледжге, жумушка баруу керектигин ойлоп ыйлактайсың.

Сен жашооңдо бир гана жолу мектепте окуйсуң. Жашооңдо болгону бир гана жолу кийин сага жана сенин айланаңдагыларга чоң мааниге ээ болуп жана көп таасир бере турган нерселерге бейкапар мамиле кыласың.

Күлкү. Алгачкы сүйүү. Кубаныч. Жолугушуулар. Сабакты калтырганың. Кеч. Жай. Жашооң каякка учуп жатат? Ойлон. Учурду баала. Бардык учурду өзүңдү эч качан андай сезбегендей өткөр. Анткени жашооңдо болгону бир гана жолу сен 15-20 жашта болосуң», - деп айтылат Алексей Филатовдун акыркы катында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости