www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден Нью-Йоркто 2001-жылы 11-сентябрдагы террордук кол салуудан курман болгондорду эскерүү аземинде бет кабын чечип кыйкырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мурдагы америкалык лидерлердин курчоосунда турган Байден бет кабын чечип, элге бир нерсе деп кыйкырган. Джо Байдендин эмне деп кыйкырганы жакшы угулган эмес.

Бул Джо Байден коомдук иш-чараларда өзүн уят кылган биринчи учур эмес. 30-августта Кабулда курман болгон америкалык аскерлерди эскерүү аземинде президент саатын улам-улам караган. Буга америкалык жарандар ал башкы командирлик милдетин унутуп, курман болгон жоокерлерди сыйлаган жок деп нааразы болушкан.

АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук кол салуулардын 20 жылдыгына карата аза күтүү иш-чаралары өткөрүлдү. Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода борборунун кулаган эгиз мунарасы жайгашкан жердеги азем бир мүнөт унчукпоо менен башталды. Иш-чарага мурдагы демократиялык президенттер Барак Обама менен Билл Клинтон жана учурдагы мамлекет башчысы Джо Байден катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости