www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар дайым чуулу иштердин бутасы болуп келген "Дастан" мамлекеттик мекемесин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү тыкыр текшерүүгө алып жатканы тууралуу учкай маалымат социалдык тармактарда жазылды.

Андагы айрым жагдайга көңүл бура турган болсок, УКМК аталган ишканын ишмердүүлүгүн тыкыр иликтеп, мурда-кийинки түзүлгөн келишимдер, документтер текшерилип, жоопкерчиликтүү жетекчилер боюнча тиешелүү суроолорго жооп изделет экен.

"Дастан"  ишканасынан чыкчу торпедалар боюнча чоң сурак жүрчүдөй болуп турат. Натыйжада, текшерүүнүн түбү келип Алексей Ширшовго карата кагылган коңгуроо экени айтылууда. 

Демек, отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Ширшовдун кайрадан УКМКга кире турган сааты келип калгандай таасир калтырат. Бул жолу капканга чабылса, Ташиев оңой менен чыгара койбос. 

Дегенибиз, өткөндө УКМК тарабынан кармалганда тез эле соттун чечими менен чыгып кетти эле. Ага президенттин таасири болгону кийин билинди. Себеби, Ширшов Максим Бакиевдин 200 миллион долларын таап берем деп алдап кеткендей көз караш жаратты. Эми бул жолу кылтакка илинсе, абалы кантээр экен?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости