www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Жеңиш майрамынын 75 жылдыгынын урматына Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштетип жаткан "Альянс-Алтын" ишканасы облустагы ардагерлерден кабар алды.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев менен "Альянс-Алтын" ишканасынын генералдык директору Шайлообек Таиров Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата, Талас райондорундагы жана Талас шаарындагы ардагерлерди жеринен куттукташты.

Бүгүнкү күндө жалпы облус боюнча 12 ардагерибиз калганы өкүнүчтүү. Эгерде артка кылчайып, тарых барактарына көз жүгүртүп көрө турган болсок, биздин бүгүнкү келечегибиз, бейпил турмушубуз үчүн аталарыбыз кан-жанын аябай майдандарда курман болсо, ал эми энелерибиз эр азаматтардын түмөн-түйшүгүн өзүнө алып каармандык менен тылда эмгектенишкен.

Улуу Ата Мекендик согушка, Талас облусунан фронтко 13951 адам аттанып, алардан 3769 адам согуш талаасында курман болушкан. Мындан тышкары 1986 жоокерибиз дайынсыз жоголгон.

Жалпысынан Талас жергесине 8191 жоокер жеңиш менен кайтып келген. Алардын ичинен 6500 жоокер фронтто көрсөткөн эрдиктери үчүн ар кандай орден медалдар менен сыйланган.

5 адам Советтер Союзунун Баатыры деген улуу даражалуу наамга ээ болушкан.

1942-жылдын 6-августунда Воронежге жакын жердеги Дон суусун кечип өтүп, өзүнүн көкүрөгү менен душмандардын ажал бүрккөн дзотун жаап Чолпонбай Түлөбердиев стратегиялык чоң чабуулга жол ачкан. Жердешибиз, бул теңдешсиз эрдиги үчүн “Советтер Союзунун Баатыры”- деген наамга татыктуу болгон. Ал эми Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев Польша үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандардын беш жолку чабуулунун мизин кайтарып, 25 фашистти жок кылып акыры душмандардын танкын жардырып өзү дам курман болгон.

Мына ушундай эрдиктердин ээлери жыл өткөн сайын азайып жатканы ойлондурбай койбойт. Эч ким эч качан унутулбашы керек. Эрдигиңиздерге таазим жана сый-урмат.

"Альянс-Алтын" ишканасынын атынан ардагерлерге ар бирине 75 миң сомдон акча, ыраазычылык сертификаты жана азык-түлүк корзинасы берилди.

Ардагер аталарыбызга майрамдык маанай тартуулап, көңүл бөлүп, аларга көрсөткөн сый-урматы үчүн "Альянс-Алтын" ишканасынын жетекчилиги жана жалпы жааматы алкоого арзыйт.

Булак: NazarNews.org

Последние новости