www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык валюталык фонд 2020-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасына 121,1 млн АКШ доллары өлчөмүндө көмөктүн экинчи траншын жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык валюталык фонддун биринчи траншы бюджеттин социалдык-маанилүү чыгымдарына пайдаланылган. Натыйжада, жалпысынан алганда Эл аралык валюталык фонддун линиясы боюнча көмөктүн өлчөмү 241,9 млн АКШ долларын түзөт. 

2020-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкы аралык Азия өнүктүрүү банкынын COVID-19 пандемиясына жаңы Жооп кайтаруу терезесинин алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлган. 

Буга толуктоо иретинде Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасын 2020-жылы колдоо үчүн аракеттер саясаты, же башка кредит берүү негизинде максаттуу насыялоо аркылуу кошумча каржылоо маселесин карайт. Мындан тышкары 2020-жылдын 14-майында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан пандемиянын саламаттыкка тийгизген кесепеттерин жумшартуу боюнча өлкөнүн дараметин жакшыртуу үчүн өзгөчө долбоордук жардам түрүндө 20 млн АКШ долларын бөлүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. 

Коронавирустун жайылуусу менен күрөшүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын 12,15 млн АКШ доллары суммасындагы каражаты жактырылды, ал боюнча тендердик процесс даярдалууда. Мындан тышкары учурдагы «Кыргызстанда табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунан COVID-19 глобалдуу пандемиясына байланыштуу дары-дармектерди жана жабдууларды шашылыш сатып алууга 9 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Алар боюнча тендердик процедуралар аяктоо баскычында турат. 

Европа бирлиги тарабынан бюджеттик колдоо түрүндө 30 млн евро бөлүү маселеси каралууда, Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу Кыргыз Республикасында COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү максатында ишке ашырылып жаткан долбоорлордон 15 млн АКШ доллары өлчөмүндө үнөмдөлгөн каражатты кайра бөлүштүрүү жана пайдалануу макулдашылды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости