www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын «Жамаран» аттуу согуштук кемеси машыгуу маалында кокустан «Конарак» деген ракеталык катерди атып алды. Бул тууралуу Бириккен Араб Эмираттарынын басылмалары жазып чыкты.

Окуя ракеталык атуулар учурунда болуп, катер чөгүп кеткени, 40 киши өлгөнү кабарланууда. Стратегияларды жана технологияларды анализдөө борбору катер коюлган бутадан алыс кетүүгө жетишпей калган деп божомолдоодо.

Ирандын мамлекеттик телеканалдары «Kонарак» катеринин экипажы бута менен болгон аралыкты сактабаганын, жыйынтыгында ага ракета тийгенин кабарлашты.

Белгилей кетсек, «Жамаран» Ирандын куралдуу күчтөрүнүн колдонуусуна 2010-жылы киргизилген. Ал Британияда өндүрүлгөн «Алвант» сыяктуу согуштук кемелерге окшоштурулуп жасалган. Кеме «Нур» аттуу канаттуу ракеталар менен куралданган. Ал Кытайдын «Инцзи-8» ракетасынын көчүрмөсү.

Булак: NazarNews.org

Последние новости