www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин 12-майдан тарта өлкөдөгү эс алуу күндөрү аяктарын коронавируска каршы күрөшүү боюнча өтүп жаткан кеңешмеде айтты. 

Маалыматка ылайык, кабыл алынган чаралар акырындык менен коюлган чектөөлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.

"Иш эмес күндөр 12-майда аяктайт. Бирок кырдаал салыштырмалуу дурус болгон жерлерде да пандемия менен болгон күрөш бүтпөйт. Абалдын артка кетишине жол бербешибиз керек", — деди Путин.

Ошондой эле, президент 12-майдан тарта экономиканын негизи делген байланыш, энергетика, айыл чарба, өнөр жай, курулуш тармактарынын ишин жандандыруу зарылдыгын айтты.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Россияда 221 344 кишиде коронавирус аныкталып, анын 39 801и айыгып, 2009 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.org

Последние новости