www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжан менен Түркиянын президенттери Ильхам Алиев менен Режеп Тайып Эрдоган Азербайжандын Карабахтагы аскерий операциясынын аякташын талкуулашты. Бул тууралуу Алиевдин басма сөз кызматы билдирет.
"20-сентябрда Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө жергиликтүү антитеррордук иш-чаралардын аякташы жана Азербайжандын Карабах аймагында жайгашкан мыйзамсыз куралдуу топтордун куралдарын таштап, куралсыздануусу тууралуу пикир алмашуу болду", - деп айтылат маалыматта.
Тараптар ошондой эле Азербайжан менен Түркиянын ар дайым бири-бирине жакын экенин баса белгилешти.
Азербайжан менен Түркиянын президенттери эки тарапты кызыктырган маселелер, анын ичинде келечектеги байланыштар жана стратегиялык союздук байланыштардын келечеги боюнча пикир алышканы айтылды.
Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан “жергиликтүү мүнөздөгү антитеррордук иш-чараларын” баштганын жарыялаган. Бул Тоолуу Карабахтагы Конституциялык түзүмдү калыбына келтирүү үчүн жасалганын айткан. Ага Армения тарап да жооп берип, кагылыш болгон. Россия бул кырдаалга кайдыгер карабай турганын айтып, эки тарапты чатакты тынчтык жана дипломатия жолу менен чечүүгө чакырган. Бир күндөн кийин тараптар таанылбаган республиканын армиясын жоюу шарты менен ок атышууну токтотууну макулдашкан.
Булак: NazarNews.kg