www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Азербайжандын башчысы орусиялык тынчтык орнотуучуларынын Тоолуу Карабахта курман болгондугу үчүн кечирим сурап, көңүл айтты. Ал бардык күнөөлүүлөр жазасын аларын убада кылды.

"Болгон окуя боюнча эң кылдат иликтөө иштери жүргүзүлүп, бардык күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алаары баса белгиленди. Бул багытта эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары тыгыз байланышта. Азербайжандын президенти да курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди", — деп айтылат Кремлдин билдирүүсүндө.

Азербайжан тараптын демилгеси менен өткөн сүйлөшүүдө президенттер “Карабахтагы согуштук аракеттерди толук токтотуу боюнча орусиялык тынчтык орнотуучуларынын жардамы менен жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн” белгилешти. Кремль белгилегендей, Баку менен Степанакерттин ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр бул жагдайда өзгөчө мааниге ээ. Бүгүн Азербайжандын Евлах шаарында эки тараптын өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусу өттү.

Кремлдин билдирүүсүндө Владимир Путин Тоолуу Карабахтын армян калкынын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилегени маалымдалат. Ильхам Алиев Азербайжан тарап бул маселелер боюнча орусиялык тынчтык орнотуучулары менен өз ара аракеттенүүгө даяр деп ишендирди.

19-сентябрда Азербайжан “жергиликтүү мүнөздөгү антитеррордук иш-чараларын” баштганын жарыялаган. Бул Тоолуу Карабахтагы Конституциялык түзүмдү калыбына келтирүү үчүн жасалганын айткан. Ага Армения тарап да жооп берип, кагылыш болгон. Россия бул кырдаалга кайдыгер карабай турганын айтып, эки тарапты чатакты тынчтык жана дипломатия жолу менен чечүүгө чакырган. Бир күндөн кийин тараптар таанылбаган республиканын армиясын жоюу шарты менен ок атышууну токтотууну макулдашкан.

20-сентябрда кечинде Россиянын Коргоо министрлиги Джанятагы байкоочу пункттан кайтып келе жаткан орусиялык тынчтык орнотуучулары бар унаага ок атылганын кабарланган. Унаанын ичиндеги аскер кызматкерлери каза болуп, алардын саны боюнча Аскердик ведомстводон маалымат беришкен эмес. "Первый канал" телеканалынын маалыматына караганда, аткылоодон орусиялык төрт аскер набыт болгон. "Россия сегодня" эл аралык медиагруппасынын башкы редактору Маргарита Симоньян беш аскер каза болгону тууралуу жазган. Бүгүн каза болгондордун бири Россиянын тынчтык контингентинин командиринин орун басары Иван Ковган экени белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости