www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 5-октябрдагы жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев мамлекеттин үлүшү бар ишканалар жакшы иштей албай жатканын айтып, "аларды менчиктештирүү туура" деп билдирди.
“Негизи, бул мыйзамды колдойм, менчиктештирүүгө барышыбыз керек. Инвесторлор мамлекет менен байланышкысы келбейт. Мамлекетте тургандар талкаланып жатат. Алардын пайдасы жок. Бир сыйра карап чыгып, айрымдарын менчикке бериш керек", - деди депутат.
Парламенттеги Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралып, жактырылды.
Анда мамлекеттик ишканаларды бириктирүү, менчиктештирүү жана жеке башкаруучуларга өткөрүү менен алардын натыйжалуугунун жогорулатуу каралган. Калкка кызмат көрсөткөн социалдык мамлекеттик ишканаларга бул мыйзамдын тиешеси жок.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду буга чейин “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программанын алкагында 25 мамлекеттик мүлктү сатыкка чыгарган. Ишканалардын арасында акциясынын 100% мамлекетке таандык "Мегаком" компаниясы да бар.
Булак: NazarNews.kg