www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алиярбек Абжалиев УКМКга 20 млн сом которду

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев УКМКнын эсебине 20 млн сом которду. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Улуттук коопсуздук мамлекетик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылы март айында УКМК Абжалиевдин үстүнөн мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абжалиев мурдагы президент Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен жана мамлекетке 50 млн сом зыян келтирген.

УКМКнын билдирүүсүнөн кийин Абжалиев ушул жылы январь айында Түркияга учуп кеткени белгилүү болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, Абжалиев Кыргызстанга 27-июнда учуп келгени кабарланды.

Абжалиев — Жогорку Кеңештин депутаты. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости