www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марат Алиев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевге Кайрылуу жасады:

«Урматтуу, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, жакында Президентибиз Садыр Жапаров бардык күч органдарына кайрылып, июнь окуясын кайра карап мыйзамсыз токтоп турган делолор же болбосо мыйзамсыз жабылган делорор кылдат, дыкат каралсын деп тапшырма берген.

Буга байланыштуу мен 2010-жылдан бери Ош ШИББнын тергөөчүлөрүнүн кылган кылмышына көз жумуп, кайдыгер боло албадым. Делонун номуру 95-15-54 Бекмурзаев Замир деген тергөөчү, өзүнүн тааныштары менен өз ара сүйлөшүп алып (сговор ) жалган справкаларды саткан: үйүм тонолду, өрттөндү деп алдап өкмөттөн миллиондогон компенсацияларды тааныштары менен бөлүп жешкен. Айыбы ачылганда справка каттоо журналын өрттөөгө аракет кылган. Ошол дело он жылдан ашык убакыт мыйзамсыз токтоп турат. Азыркы учурда сиздин (Башкы прокурор), жана башка адамдардын аброюна шек келтирүүчү видеолорду заказдап мантаждап жалган маалымат, каралоолор, далилсиз маалыматтар менен бир нече бөлүктөн турган видеолорду чыгарышты авторлорунун бири Замир Бекмурзаев.

Прокуратура, УКМК видолорду текшерсе чыгат. Жээнбеков маалында качып кеткен кудасы, депутат Абжалиевдин атын сатып тайраңдап жүрчү. Бекмурзаевдин үстүнөн бир нече иш козголгон бардыгы мыйзамсыз жабылып, токтоп турат. Кара-Сууда жер менен ызы чуулу иши бар. Жабыркалынуучуну ишти оодарып айыпкер кылган. Ушул иштерди көзөмөлүңүзгө алып Бекмурзаевди кылмыш жоопкерчилигине тартып берүүңүздү суранам», - деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости