www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алимент төлөөдөн качкан 1 205 жаран издөөдө жүрөт

Кыргызстанда алимент маселеси барган сайын курчуп жатат. Акыйкатчы институту билдиргендей, 2025-жылы алимент өндүрүү боюнча 823 адам кайрылган. Алардын 774ү аялдар, болгону 49у эркектер.

Жамиля Жаманбаева белгилегендей, негизги көйгөй – сот чечимдери аткарылбай жатканында. 2024-жылы 36 613 сот чечиминин ичинен болгону 4 152си гана ишке ашкан.

Ал эми 2025-жылдын аягында алимент өндүрүү боюнча иштердин саны 60 720га жеткен. Ошол эле учурда 1 205 жаран алимент төлөөдөн качып, издөөдө жүрөт.

Адистердин айтымында, карызкорлор көбүнчө жасалма “жумушсуз” болуп, кирешесин жашырып же өлкөдөн чыгып кетүү аркылуу жоопкерчиликтен качууда.

Бул көрсөткүчтөр алимент маселеси жеке эмес, улуттук деңгээлдеги олуттуу социалдык көйгөйгө айланганын көрсөтөт.

Последние новости