www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караколдо реабилитациялык борбор курулат

Каракол шаарында реабилитациялык борбор курулмакчы. Жергиликтүү дарыгер жеке медициналык борбор куруу максатында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна долбоор жазып кайрылган.

Фонддун Байкоочу кеңеши ишкерге 10 млн. сом пайызсыз насыя бөлүп берүү чечимин кабыл алган. Борбордун негизги максаты аутизм спектринин бузулушунан жабыркаган балдар үчүн комплекстүү диагностикалык кызматтарды көрсөтүү, терапия, өнүктүрүү жана колдоо болмокчу.

Борбор 2  жаштан 18 жашка чейинки балдарга жана алардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтмөкчү. Ошондой эле, диагностика жана эрте диагностика, индивидуалдуу жана жамаат менен терапия, логопедия, сенсордук интеграция, социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү  жана жүрүм-турум терапия кызматтарын көрсөтүшмөкчү. Медициналык жай бардык заманбап шарттары менен камсыз болуп, сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматтарды көрсөтүлмөкчү.

Последние новости