www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Bloomberg компаниясынын индексине ылайык, өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун байлыгы жыл башынан бери 1 млрд долларга көбөйүп, 19,5 млрд долларга жетти.
Орусия президенти Владимир Путиндин жакын санаалашы делген Усманов бул индексте дүйнөдөгү эң бай 500 кишинин ичинен 81-орунга жайгашкан.
Былтыр февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Алишер Усманов АКШнын, Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын санкциялык тизмесине илинген.
Financial Times кабарлагандай, Өзбекстан миллиардер Усмановду санкциялык тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен ЕБге кайрылган.
Январдын аягында Алишер Усманов Орусиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин мүчөлүгүнөн чыгууга арыз берген. Ал муну "пенсияга чыкканы жана ишмердигин токтотуп жатканы" менен түшүндүргөн.
Булак: NazarNews.kg