www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Башкы прокуратурасына ырчы Алла Пугачеванын украин Куралдуу күчтөрүнө "каржылык колдоо көрсөткөн-көрсөтпөгөнүн" текшерүү өтүнүчү менен кат келип түштү.

Орус ЖМКларынын маалыматына караганда, Пугачевага каршы катты "Коопсуздук жана жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча федералдык долбоордун" башчысы Виталий Бородин башкы прокурор Игорь Красновдун атына жазган. Анда Израилде жашап жаткан ырчы Орусиядан чыгып кеткен жана согушту сындаган маданият кызматкерлерин колдоп, украин армиясына каржылык жардам көрсөтүп жатканы жазылган.

Бородин "Пугачеванын ишмердүүлүгү чет өлкөдөн каржыланарын жана анын батыш атайын кызматтары менен байланышы бар экенин" аныктап чыкканын билдирүүдө.

Буга чейин Бородин Орусиянын Башкы прокуратурасына эл артисти Лия Ахеджакованы "чет элдик агент" деп таануу жана ага каршы кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен кайрылган. Мындан тышкары ал актер Данил Козловскийдин, ырчы Валерий Меладзенин жана "Ночные снайперы" тобунун лидери Диана Арбенинанын аракеттерин текшерүүгө чакырган.

Орусия былтыр февралда Украинага кол салгандан кийин Алла Пугачева үй-бүлөсү менен Орусиядан чыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости