www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индонезиядагы иммиграциялык борбордон качып кеткен үч өзбекстандыктын бирөө каза болуп, экөө кармалды. Бул тууралуу AFP агенттиги Daily Express гезитине шилтеме кылып кабарлады.
Индонезия полициясынын маалыматына караганда, өзбек жарандары "Катиба ат-Таухид валь-Жихад" жана "Аль-Каида" сыяктуу террордук уюмдарга тиешеси бар деп шектелип, аларга интернетте терроризмди пропагандалоо айыбы тагылган.
Жакарта шаарынын четиндеги иммиграциялык борбордо полициянын көзөмөлүндө кармалып турган өзбекстандыктар 10-апрелде укук коргоо кызматкерлерине бычак менен кол салып, качып кетишкен. Анда бир полиция кызматкери өлүп, дагы үчөө жарадар болгон.
"Полиция дароо алардын изине түшкөн. Качкандардын бирөө дарыяга секирип, чөгүп кетти. Экөө кармалды. Болжолдуу тергөөнүн жүрүшүндө өзбек жарандары Өзбекстан консулдугунун өкүлдөрү менен жолуккандан кийин качканы аныкталды. Анткени мекенинде аларды өтө катаал жаза күтүп турган", – деди полициянын расмий өкүлү Асвин Сирегар.
Индонезияда "террористтик уюмдарга тиешеси бар" жана "алардын идеяларын жайылткан" деген шек менен Өзбекстандын төрт жараны кармалганы 4-апрелде белгилүү болгон.
Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, өзбек жарандары быйыл 24-мартта кармалган. Алар Индонезияга февраль айында Стамбул аркылуу ар башка каттамдар менен учуп барышкан.
Булак: NazarNews.kg