www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бүгүн барып эженин ал абалын сурап келдим. Чындыгын айтканда өзүм деле бир адамга жардам берип бага турган алым жок болгону менен “Сентябрь” телеканалынын сюжетинен көрүп жок дегенде күнүмдүк тамаш-ашына жардам берүүнү туура деп таптым”, - деген пикирин билдирди NazarNews.kg маалымат агенттигине Кутбидин Салиев.  

“Гүлмира Болотбекова, 2006-жылдан тарта ооруп, 3 жылдан бери төшөктө күн көрөт. Жашы 47 де. 3 уул 1 кызы бар. Чоң уулу 9-класста окуйт экен. Ай үй тарапка жазбаган каты, кирбеген эшиги калган эмес. Балдарымдын тамагына жетишерлик жөлөк пул сурансам да бийлик тараптан акча бербей койду. Мамлекет тарабынан жардам жок. Баары коррупция. Паспортумду бүтүрүп берем деп 200 АКШ долларын алгандар алдап акчамды жеп кетти. Элден айланса болот. Элден башка мага жардам берейин деген бир аткаминерди көрө элекмин. Калкка ушунчалык артын салган атка минерлерден запкы тарта беребизби, мен кыргыздын жаранымын го? – деген Гүлмира айымдын көз жашын көрсөң тура албайсың, - деп билдирди катардагы жаран Кутбидин Салиев.

Тоголок нанга зар, жакшы сөзгө, жардамга муктаж болгон Гүлмира Болотбековага жардам беребиз дегендерге  байланыш номерлери:

0709272480: 0553617050: 0556935935

Булак: NazarNews.kg

Последние новости