www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн-өзү тараткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эльдар Сулайманов алдыдагы шайлоодо №8 шайлоо округунан кайрадан талапкер катары ат салышаары коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Бул ысымдын айланасындагы талкуулар жөн жерден чыккан жок. Анткени анын атасы, мурдагы Транспорт министри Нурлан Сулайманов тууралуу да бир кезде чоң чуулгандуу маалыматтар айтылып келген.

Эскерте кетсек, Нурлан Сулайманов министр болуп турган жылдары 250 миллион сомдон ашуун каражатты кыянаттык менен пайдаланган деген жүйө менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Ал ошол кезде өлкөдөн чыга качып, кийин бийлик алмашкандан соң кайтып келип, былык иштерин “жең ичинен” бүтүрүп алганы кеп болгон. 

Эми баласы Эльдар Сулайманов саясатка аралашып өткөн чакырылышта депутат болуп отурду. Бирок эл үчүн күйүп-бышканын эч ким көргөн жок. Коомчулукта “алма сабагынан алыс түшпөйт” деген сөз тегин жерден айтылбайт. Демек, моралдык жоопкерчилик кайда калат деген суроонун жообу жок? 

Андыктан шайлоодо ар бир жаран ойлонуп тандоо жасоого тийиш. Ким эл үчүн иштейт, кимдин өткөн жолу таза, ким элдин үнүн угат, ойлонуп тандоо жасай турган жердебиз. Саясаттагы тазалык шайлоочунун акыл-эстүүлүк менен туура тандоосунан башталат. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, эл кимди тандап жатканын билсе, эртең өкүндүрбөй турган келечекке жол ачылат.

Последние новости