www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту 23-октябрда “Кой-Таш иши” боюнча биринчи инстанциянын өкүмүн дээрлик өзгөртүүсүз калтырды. Натыйжада, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге карата 11 жыл 6 ай эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо өкүмү күчүндө калды.

Бул иш боюнча башка айыпталуучулар да жаза мөөнөттөрүн сактап калышты, бирок Ирина Карамушкинанын абак мөөнөтү 8 жылга чейин көбөйтүлүп, мүлкүн конфискациялоо чечими кошумчаланды. Анын жактоочулары бул өзгөртүүнү “мыйзам бузуу” катары баалап, жогорку инстанцияга кайрылуу ниетин билдиришти.

Айыпталуучулар өз сөзүндө “Кой-Ташта аскердик операция мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн”, ал эми өздөрү “барымтага алуу же күч колдонууга катышпаганын” белгилешти.

Жактоочулар соттун чечимин мыйзам бузуу катары сыпатташууда, анткени сот башка иш боюнча чыккан пробациялык чечимди жокко чыгарууга укугу жок экенин айтышат. Бул жагдай Кыргызстандагы соттук системанын көз карандысыздыгы жана мыйзамдын бирдиктүү колдонулушу боюнча суроолорду жаратты.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш иши” боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Анын бийлиги тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга жана Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген.

Мурдагы президенттин тарапташтары Канат Сагымбаев, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышкан.

Последние новости