www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов Бишкекте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары уюштурган тынч митинг тууралуу, "Бийликти бир тараптуу сындаган ультрарадикал оппозиция" болуп жатат деп, "Азаттыкка" айткан.
-Саясий кризис дегенге кошулам. Саясий тирешүүнү көрмөксөн - билмексен болуп коюу мүмкүн эмес. Чынында эле эл арасында бөлүнүү бар, пикирлер бирдей эмес. Бүгүн саясий кризистин босогосунда турабыз. Парламент кол тийбестикти алды. Эми күч органдарында жоопкерчилик бар. Ошондуктан тез аранын ичинде кылмышы барбы - жокпу, элге айтып, тынчытыш керек. Мындай учурда башкы прокурор басма сөз жыйынын өткөрүп, коомчулукка эмне иш болуп жатканын айтып турушу керек эле. Азыр баары оозуна талкан салып алгандай унчукпайт, - деди Алмамбет Шыкмаматов.
Булак: NazarNews.kg