www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-апрелде парламентте "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов жана "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Кыргызстанда уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү боюнча” мыйзам долбоорун сунуштады.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов: “Азыркы уран казуу иштеринде эч кандай шарттар каралган эмес. Бул кымбат баалуу кендин мурунку кен казуу жайларынан зыяндуулук чыкпаса экен деп турсак жаңы бир коркунучка жол ачылганы туура эмес. Андан чыккан радиация экологияга жана адамдын ден соолугуна эбегейсиз коркунуч алып келет. Ошондуктан 2070-жылга чейин мороторий киргизип койсок эч ким муну буза албайт. Эл буга жол бербейт. Ал эми 2070-жылдан кийин жаңы доор келет. Анда эң акыркы технология менен жаңы урпак өзү казып алсын”, - деди NazarNews.kg сайтына.
Булак: NazarNews.kg