www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймагында жайгашкан "Аль Мансур" жана "Абу Бакр" кафелеринин имараттарын бузуу иштери башталды. Буга чейин ашкана ээлерине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 3 күн мөөнөт коюлган. Белгиленген убакыттын негизинде бүгүнкү күндө объект ээлери өз ыктыяры менен бузуу иштерин колго алышты.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эл менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар аталган жайлардын мыйзамдуулугун текшерип берүү өтүнүчүн билдиришкен. Шаар башчысы маселени жеринде тактоо максатында таңкы рейд учурунда аталган жайларга барып, жеринен көрүп чыккан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объектилердин курулуш иштеринде тиешелүү уруксат кагаздары жок экендиги, шаар куруу талаптары сакталбагандыгы жана мыйзам бузуу фактылары катталгандыгы аныкталган. Ушуга байланыштуу мыйзамсыз курулуштарды белгиленген тартипте демонтаждоо боюнча эскертүү берилген.
Ош шаарынын мэриясы шаар аймагында мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу багытындагы иштер мындан ары да улантыларын билдирет.