www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунда жер тилкелерин мыйзамсыз документтештирип сатуу фактысы аныкталып, тиешелүү кызмат адамдары кармалды.

Тактап айтканда, Кадамжай РИИБдин Уч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө документ жасап сатуу фактылары аныкталган.

Тергөөдө белгилүү болгондой, Т.Ж. аттуу жарандан 3 778 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын Кызыл-Кыя шаардык жер ресурстары (Кадастр) агенттигинин башкы адиси Т.М. жана анын ортоктошу Кадамжай районунун тургуну эч жерде иштебеген Т.Э. аттуу жарандар алгандыгы такталган. Аталган факт 2026-жылдын 12-февраль күнү Кадамжай РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Мындан сырткары, жер сатууга байланышкан башка фактылар да аныкталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Последние новости