www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы облусунун акими казактар менен уйгурлар жашаган Пенжим айылындагы башаламандык "улут аралык негизде" келип чыккан деген пикирлерди жокко чыгарды. Анын айтымында, айрым кишилер окуучулардын талашынан пайдаланып коомдук тартипти бузган.

"Балдар далисте түртүшүп, урушуп кетишкен, кичине зыян келген. Бирок ал бала азыр өзүн жакшы сезип калды. Башына таш тийген баланын чоң атасы ооруканадан чыгарылды. Эки үй-бүлө кездешип, келишимге келишти. Бирок ушул жагдайдан пайдаланган кишилер жыйналып, көчөлөргө чыгып, коомдук тартипти бузушкан, таш ыргытышкан, алардын баарына көңүл бурулат... Биз буга укуктук баа бердик. Коомдук тартипти бузгандар жазаланат", — деди 11-октябрдагы брифинг учурунда облус акими Амандык Баталов.

Буга чейин Казакстан ИИМинин өкүлү Асет Оспанов айылдагы жапырт мушташ улут аралык негизде тутанганын билдирген.

27-октябрда Алматы облусунун Панфилов райондагы Пенжим айылында мектеп окуучуларынын ортосунда калайман мушташ чыккан. Ага кечинде чоңдор да аралашып, кайсы бир топ айылдагы үйлөр менен автоунаалардын терезелерин талкалап кеткен. Жаңжалдан бир окуучу жана бир чоң киши жаракат алган.

Полиция окуяга байланыштуу "Эки жана андан көп адамдын ден соолугуна атайылап зыян келтирүү" жана "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости