www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин сегиз таасирдүү мүчөсү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун атына кат жолдоп, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматынын ("Озоди" радиосу) журналисттерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата болуп жаткан кысымды жана коркутууларды токтотууга чакырышты.

"Биз "Эркин Европа/Азаттык" радиосун каржылаган АКШ Конгрессинин мүчөлөрү катары "Озоди" радиосунун кызматкерлерине кол салуу жана алардын ишмердүүлүгү үчүн жасалма тоскоолдуктар болуп жатканы тууралуу билдирүүлөргө тынчсызданып жатабыз. Эки жыл мурда тынчсыздануубузду билдирген нерселер дале болсо уланып жатканына капабыз. Булардын АКШ менен Тажикстандын ортосундагы мамилелер үчүн терс кесепеттери болушу мүмкүн", — деп жазылган конгрессмендердин катында.

Былтыр апрелде Конгресстин мүчөлөрү — демократ Адам Б. Шифф (Adam B. Schiff) менен республикасы Стив Шабо (Steve Chabot) да тажик бийлигин "Озоди" радиосунун ишмердүүлүгүнө кийлигишүүнү токтотууга жана алардын тоскоолдуксуз иштөөсүнө аянтча түзүп берүүгө чакырышкан.

Тажикстандын коопсуздук органдарынын кызматкерлери "Озоди" радиосунун журналисттери иштеген жерге жана алардын үйлөрүнө барып, радио менен кызматташуудан баш тартууга чакырып, болбосо олуттуу кесепеттери болорун эскертип келишет. Мындан тышкары алар коркутуу тактикасын колдонуп, белгилүү бир сааттарда "Озоди" радиосунун кызматкерлеринин жакындарынын жумушуна жана жашаган жерине барып турушат.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, буга чейин укук коргоо органдары бир канча журналисттин жакындарынын үйлөрүнө барып, аларды бул медиа менен кызматташуудан баш тартууга көндүрүүгө аракет кылышкан.

Бийликтин аккредитация берүүдөн баш тартуусунан улам бүгүнкү күндө кеминде сегиз журналист "Озоди" радиосу менен кызматташууда кыйынчылыктарга кабылууда. Мындан тышкары тажик өкмөтү өлкө мыйзамдарына каршы келгенине карабастан, радионун бардык кызматкерлери, анын ичинде айдоочулары менен тазалык кызматкерлери да аккредитация алышы керек деген талап коюп келет.

Ошол эле маалда "Озодинин" журналисттеринин көбүнө аккредитация болгону үч айлык гана мөөнөткө берилет.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 2019-жылдын апрель айынан бери жергиликтүү студенттердин "Озоди" радиосунун Душанбедеги кеңсесинде практикадан өтүүсүнө уруксат бербей келет.

Каттын соңунда АКШ Конгрессинин мүчөлөрү тажик президентин "Озоди" радиосунун өлкөдөгү тоскоолдуксуз иштөөсү үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алууга чакырып, тез арада анын бардык кызматкерлерине аккредитация берүүнү талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости