www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан менен жазындагы кагылышты ким токтоткону айтылды

Жазында Тажикстан менен чектешкен аймактагы куралдуу кагылышты армия гана токтотуп калды. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Министр алгач ЖМК жана коомчулукта кайсы тарапта көп жоготуу болду, ким жеңилди деген талкуу жүрүп жатканына токтолду.

"Негизи куралдуу кагылышуу же бардык масштабдагы жаңжалда жоготуулар болот. Биз аскердик уюм катары согуштагы жоготуулар тууралуу маалыматты ачыктай албайбыз. Биз ал күндөрү үчөөнү — эки офицер, бир прапорщикти жоготконубузду гана айта алам. Эгер бизге каршы чыккан тараптан канча жоготуу болгонун билгиңиздер келсе, ошол аймактарга барууга кеңеш берер элем. Жергиликтүү калктан алда канча көбүрөөк маалымат ала аласыздар. "Биз ал жерде жеңилип калдык" деп айтышууда... Кээ бир жерде ал убакта Кыргызстандын армиясы эмне кылып жүрдү деген кептер чыккан. Видеосюжеттерди, кадрларды караңыздар, жаңжалды бир гана армия токтотту. Жергиликтүү тургундар биз кандай иштерди жасаганыбыздын баарын айтып берет", — деди министр.

Ошондой эле ал согушту баштоо оңой, бирок токтотуу кыйын экенин баса белгиледи. Коргоо министри өлкө чек арасын жана калктын коопсуздугун камсыздоого армиянын аскердик техникалары жана жоокерлери бар экенине ишендирди.

Бекболотов УКМКнын линиясы аркылуу сатып алынган аскердик техникалар мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого багытталганын кошумчалады. Ал эми канча учкучсуз аппарат сатып алынганын айтуудан баш тартты.

Эске салсак, 2021-жылдын апрель айында "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынан чыккан чыр куралдуу кагылышууга алып келген. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык набыт болуп, 200 жаран жабыркаган. 300дөй турак жай менен социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган. Тажикстан 19 киши каза таап, 87 киши жаракат алганын айткан. Кыргызстандын башкы прокуратурасы бул окуяны Тажикстандын аскерлери жана бандиттик түзүмдөрүнүн куралдуу кол салуусу деп баалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости