www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда кайрадан бет кап режими киргизилди

Алматы шаары коронавирустун жайылышы боюнча сары зонага киргендиктен чараларды күчөтүү боюнча токтомду жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Документте эл көп жүргөн жабык жайларда бет кап тагынуу сунушталган.

Кошумчалай кетсек, коңшу Казакстанда да коронавирус жуктургандардын саны көбөйүүдө.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү бир нече өлкөдө коронавирустун жаңы толкуну башталды. Бул "омикрон" штаммынын кезектеги мутациясы менен байланыштуу.

Эске салсак, коронавирус жуктургандар Кыргызстанда да көбөйүп жатканы айтылып, ооруканага түшкөндөр бар экени белгиленген.

Буга байланыштуу Республикалык штаб коронавирус жуктурган жаңы учурлар боюнча күнүмдүк статистика кайрадан бериле баштай турганын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости