www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия 2023-жылы Кытайды басып өтүп, дүйнөдөгү эң көп калктуу өлкө болот. Учурда Кытайда 1,426 млрд, Индияда 1,412 млрд адам жашайт. Ал эми 2050- жылга карата Индиянын калкы 1,668 миллиардга жетип, Кытайдын калкы болгону 1,317 млрд болот деп болжолдонууда. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк калк күнүндө жасалган БУУнун баяндамасында айтылат.

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына карата 8 миллиардга жете турган дүйнө калкынын саны 2030-жылы 8,5 миллиардга, 2100-жылы 10,4 миллиардга чейин өсүшү мүмкүн.

Бул өлүмдүн саны азайганы менен байланыштуу. Он жылда бир жолу өткөрүлүүчү ички эл каттоонун жыйынтыгында, Индиянын калкы 2011-жылы 1,21 миллиардды түзгөн.

Өкмөт COVID-19 пандемиясынан улам 2021- жылдагы эл каттоону кийинкиге калтырган. БУУнун маалыматы боюнча, 2050-жылга карата өсөт деп болжолдонгон дүйнөдөгү калктын көбү 8 өлкөдө — Конго, Египет, Эфиопия, Индия, Нигерия, Пакистан, Филиппин жана Танзания Бириккен Республикасында байкалат.

Африка 2050-жылга чейин күтүлгөн өсүштүн жарымынан көбүн түзөрү күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости