www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин заманында дыкааттык менен Алматынын архивинде Атамбаевдин ата-тегин таппаса да, миллиарддарын кемирип жанын баккан бир тарыхчы бар. Анын “Улуу урматтуу Атамбаевдин ата-теги” –деген монографиялык тарыхий китеби бар. Бул китеби үчүн автор Кыяз Молдокасымов  “Манас” орденине татыктуу болуп, аз жерден “Эл Баатырын” албай калган. Алматынын архивинен “Дедкасым” Сарыбагыш деген он башыны тааптыр. Бирок, Атамбаевдин ата-тегинде Сарыбагыш деген жок. Атамбаевге анын ата-тегинде Сарыбагыш барбы, жокпу бирдей эле, бары бир ата-теги жок да. Ошондуктан, Сарыбагыш болуш болчу десе “Дедкасым” “Эл баатырын” алмак.

Пулат бий деген Кокон ханын алган адам болгон, эмне үчүн “Дедкасым” Атамбаевдин ата-тегин Пулат бийге жакындатпайт? Бирок, “Дедкасым” бары бир айласын тапкан, Атамбаевдин бабалары Шама, Ноорузбайды  Алымбек датка менен теңештирип, Кокон ханын мууздатып Чүйгө качырып койот. Шама эмес сарт байларынын ашпозчусу Ша-Мао болгон дешет санжырачылар. Эмнеси болсо да ал “Манас” орденин актаган. Эми Ташкенге Жээнбековдун ата-тегин издегени кеттиби же Мирзияевдикинби?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости