www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошуна турган биз азыр Тажикстандын тышкы соодасында 0.8 пайызды түзөбүз. Мындай пикирди мурда Кыргызстандын Тажикстандагы элчисинин орун басары болуп иштеген, саясат жана дипломатия боюнча эксперт Алмаз Кулматов билдирди. 

--"Тажикстан менен талаш маселеге айланган чек арадан башка эмнебиз чогуу? Биз муну дурустап талдай элекпиз. Мен Тажикстанда иштеп келгениме 20 жылдан ашты. 60 пайызы чечиле элек 984 километр талаш чек арабыз бар, андан башка эмнебиз окшош? Тилибизби? - Жок, алардыкы фарси тили. Тарыхыбызбы? Жок, Советтер Союзунан беркиси эле окшош. Бизди эмне бириктирет, эмне ажыратат? Эл аралык актуалдуу маселелер боюнча позициябыз окшошпу?

Соода-экономикалык байланышты алсак. Кошуна турган биз азыр Тажикстандын тышкы соодасында 0.8 пайызды түзөбүз. Россия алдыда, Пакистан, Өзбекстан, Швеция! Ал эми 99-жылы биз 12 пайыз болчубуз. Мамилебиз да башкача болчу. Ошонун баарысын тактап, кайсы багыттарда бирдиктүү позицияда экенибизди, кай жерде үзөңгүлөш боло алабыз дегенди  тактап алышыбыз керек", - дейт Кулматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости