www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Талибандын” согушкерлери Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Газни шаарын курчоого алышты. Аталган аймактын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Хасан Резайи кырдаал оор экенин айтты.
“Шаардагы абал абдан кыйын. Талибдер жайкын тургандардын үйлөрүнө жашынып алып, аскерлерди аткылап жатышат. Бул ооган армиясынын талибдерге каршы салгылышуусуна тоскоол болуп жатат”, – деди ал.
Белгилей кетсек, ушул жылдын май айынан тарта АКШ баш болгон коалициялык күчтөр аскерлерин Ооганстандан чыгарып жатат. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден аскерлерин 11-сентябрга чейин ооган жергесинен чыгарып кетерин убада кылган. Кийин АКШнын Ооганстандагы аскердик миссиясы 31-августта аягына чыгарын билдирген.
Эске салсак, 12-июлда Кабулда Американын Ооганстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу иш-чара өттү. АКШнын Ооганстандагы аскер контингентинин командачысы генерал Остин Миллер өз кызматын тапшырып берди.
Булак: NazarNews.kg