www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 12-июль күнү саат 18:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен эки турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен.

ӨКМден билдиришкендей, сел суулары Таштак айылындагы 5 жаштагы К.А. аттуу баланы жана 3 жаштагы Т.Ф. аттуу кызды агызып кеткен.

“Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адамдын сөөгү табылган. Жогоруда аталган кыз менен бала дайынсыз болууда. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26 куткаруучу, 7 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган”, – деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости