www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда быйылкы жылдын алгачкы жарымында инфляциянын деңгээли 9,6 пайызды түздү. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Өлкөдө жарым жылда эң көп алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы өсүп, 12,9% жогорулаган. Тамак-аш жана алкоголсуз ичимдиктер 12,6% кымбаттады. Азык-түлүктөрдүн ичинен кумшекер 41%, ун 25,5%, мөмөжемиш 20,7%, сүт азыктары 16,7% кымбаттаган.
- Кыргызстанда жыл башынан бери азык-түлүк 12% кымбаттады. Күзүндө кандай абал күтүлөт?
- Ооба, бул дүйнө жүзүндө болуп турган көрүнүш. Инфляциянын өсүүсү бизде гана эмес, өнүккөн өлкөлөрдө да болуп турат. Бүгүнкү күндө көп жылдык рекорддордун баары инфляция боюнча жаңыланып жатат. Ошондуктан күзгө чейин инфляциянын токтоосун же азаюусун күтпөйбүз, азык-түлүк баалары кышка жакын мындан да жогору көтөрүлүшү мүмкүн.
Себеби, логистикалык байланыштардын баары бүгүнкү күндө үзүлүп жатат. Ошондуктан чет мамлекеттен келген азык-түлүктүн, товарлардын баасы кескин түрдө көтөрүлүп кетиши толук мүмкүн.
Булак: Азия News гезити